Биз жөнүндө

Биз кимбиз?

Биз жөнөкөй энтуазистер амбициялык күчтүү чечим менен Кыргызстандын медиалык рыногуна кирүүнү чечтик. Мүмкүн убакыттын өтүшү менен атаандаштарды артка калтырабыз… Биз  маалымат каражаттары тармагынын алкагына көптөгөн  ышкыбоз адамдарды кызыктыруу үчүн чексиздикке, мейкиндикке карай сайтыбызды Орбита.кж деп атадык.  

Биз эмнени  каалайбыз?

Биз маалымат-аналитикалык сайтынан тышкары бир аталыштагы  түстүү «Орбита.кж» гезитин (КРнын Юстиция министрлигинен 2019-жылдын 17-июнунда каттоодон өткөн, № 10187 күбөлүгү), жана Ютуб каналын,  ошондой эле социалдык тармактардын бардыгы камтылган  өзгөчөлүккө ээ медиа холдинг туздүк.  Балким келечекте сыналгы, үн алгы станцияларын коомчулукка чыгарып калаарбыз!

Биздин максатыбыз:

Эң эле жөнөкөйү  жана маанилүүсү – Кыргызстан менен Борбор Азиянын жашоосун жакындан таанып, оперативдүү  жана так маалыматтын булагы катары эсептелинип чоң аудиториялардын маалымат керектөөсүн канааттандыруу. Биз Евразиядагы социалдык, экономикалык жана маданияттын стратегиялык максаттарына колдоо көрсөтөбүз. Биздин өлкөгө натыйжалуу кызматташтыктын көпүрөсү болууга өзгөчө жаштар үчүн алардын чөйрөсүнө керектүү болууга иш алып барабыз.

Биз эмнени сунуштайбыз???

Жанылыктардын атайын тандалмасы,  актуалдуу аналитика,  маалымдама материалдары, эсклюзивдүү интервью, сүрөт жана видеорепортаждар, социалдык сурамжылоо, инфорграфия жана башка көптөгөн маалымат булактары. Биз саясат жана коопсуздук, бизнес жана финансы, сервис жана өндүрүш, социалдык  жана гуманитардык өнөктөштүк,  илим менен байланышкан техниканын өнүүгүсүнө  байланыштуу суроолорго жооп беребиз. Тарбиянын, руханий мурастын, үй-бүлө баалуулугунун, кайрымдуулуктун, жарандык коомдун өнүгүүшүнүн, исскуствого байланышкан суроолорун, тарыхтын жана турмуштун салттарынын темаларын көтөрүп чыгабыз. Бир гана республикалык көйгөйлөрдү  эмес, эл аралык көйгөйлөрдү  да алып  чыгабыз. Өзүбүздүн  журналисттик иликтөөлөрүбүздү, диалогдук аянтчаларды, конференция жана тегерек үстөлдөрдүн демилгелерин  уюштурабыз.

Биз кимге таянабыз???

Биздин аудитория жөнөкөй колдонуучулардан сырткары, топ-менеджерлерди, чиновниктерди,  ишкерлерди,  истеблишменттин өкүлдөрүн андан тышкары эксперттик бирикмелерди,  дипломаттык корпустарды, эл аралык институттарды, инвестициялык компанияларды, НПО-НКО, (коммерциялык эмес уюмдар) окуу бөлүмдөрдү,  улуттук диаспораларды,  Кыргызстандын коомдук активисттерин ичибизге камтыйбыз – бир сөз менен  айтканда  бүткүл Кыргызстан биздин курамда!!!

Биздин проекттердин каржылооосу:

Биздин ишкерлер үчүн маалымат каражаттары- өзүн-өзү көрсөтүү  үчүн сонун мүмкүнчүлүк! Себеби бул холдинг- коом менен коммуникативдик канал аркылуу бизнес менен кардарлардын потенциалдык керектөөчүлөрү менен жолугууга багытталган өзгөчө багыт.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ…

Бул главада адамдын өсүп-өнүгүүсү каралган. Таза жана экологиялык экономикага багытталган актуалдуу проекттерди коомго алып чыгуу биздин мамлекетибиз үчүн абдан пайдалуу. Жалпысынан айтканда маалымат-аналитикалык сайтынын ишмердүүлүгү кең жана көп тармактуу кызмат аткарат. Биз баардык өнөктөштөргө, катталуучуларга, окурмандарга, журналистика боюнча кесиптештерге, жарнама берүүчүлөргө ар дайым кубанычтабыз…
Биздин Орбитабызга сиздер да кошулуңуздар!!!