Атамбаев & Жээнбеков. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт…

767

Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт деген сөз бул жөн гана метафора эмес, көчмөн элдин мааниси терең таамай айтылган сөзү. Кимдин казандагы башы акылдуу экенин көрөбүз

Хандык даражага талапкерлер

БИШКЕК, 25 Jul — Orbita.kg. КРнын президенттинин шайлоосу болгондо Алмазбек Атамбаев Сооронбай Шариповичти мамлекеттин президентти кылганы белгилүү.  Баардык жерде президенттин мураскери Жээнбековдон башка эч кимдин боло албасы билинген. Лозунгтарда “Көчтү улайм” деп айтылган.  Атамбаев ал кезде ошол көчтү Жээнбеков кандай улантаарын, кайра өзүнө бычак болоорун билди бекен.

Экспертердин жана аналитиктердин президенттик орунга келериндеги талапкердин эмгеги, иш жүргүүзүсү, добушу тууралуу айткандары Атамбаев үчүн  кыпындай да маани берген эместей. Уккусу да келген эмес. Балким бөркүнө ишенгендей ишенген чыгаар…

          Балким Жээнбеков айткандарымды  үн, сөз жок жасайт, бийликке ээ болом деген Атамбаевдин  максаты бар беле?. Инаугурация учурунда тамашалап мага да “Чык эшике” деп айта алат деп айтканы бар эмес беле. Тамашанын кайсы бир деңгээлде азыр болуп жатканын сиздер бир демде ичиңиздерден баамдай чыгаарсыздар.

Аз убакыт өткөндөн эки жактын тоодогу бийиктиктен бийликке карай тиреши башталды. Жыйынтыгында ким хан болоору, ким кыйын экени, ким күчтүү экени бир топ чуулгандуу чыр чатакты жаратты. Кимге жаман? Карапайым катардагы элге да!

Владимир Путиндин кеңеши

Эмне үчүн  Сооронбай Жээнбеков (Москвага 11-июлда) анан Атамбаев (24-июль) Путинге кеңешке барышты? Же балким Кыргызстан ар дайым Россиянын кызыктуу талаасында болгондуктанбы, же көз карандылыкпы?

Владимир Путин чынында дүйнөлүк саясатчылардын татыктуу жүзү. Саясатта да масштабдуу салмагы бар. Ал мурунку союз өлкөлөрүнө байкоо салганы ырас.  Ал Аскар Акаевдин деле Москвада жүргөнүнө каршылык көрсөткөн эмес. Курманбек Бакиевге  деле жамандык жараткан жок.

Бул эмнеден кабар берет? Баш паанек издегендер баар тапчу жайга, башкача айтканда сактоочуга айлангандай.

Кандай учур болбосун Путин акылдуулук, чоң саясат менен баардык өлкөдө эч уруш-талаш жаратпай  байланыш түзүп келет. Мындай нерсе бизге такыр келе электей. Изи эмес жыты жок.

Бирөөгө көр казба, өзүң түшүп каласың!

Атамбаев менен Жээнбеков элге “саясий элита” акылдуулук менен өз оюн эрежелерин алып кете албаганын  далилдешти. Биздин Кыргызстанда өздөрүнө дегенде иштеп, өлкө дегенде качып кетүү салт болуп калгандай. Канчалык апаратты, күчтөрдү бекемдесе да бийликке келгенден бат кетип калгандар аз эмес.

Мамлекеттин парламентин курууга болгон аракеттин бардыгы текке кеткендей. Канчалаган жүздөгөн адамдар бийликти жаңыртууну, жакшыртууну көздөбөсүн алардын бири-бири менен келишпестиги, үстү жактан болгон бир кишинин  башкаруусу алга жылдырган эмес. Бирок мындай саясий көрүнүштөрдөн кийин Кыргызстанда депутаттарды, бийлик төбөлдөрдү сындагандар, отко май тамызгандар өрчүдү.

Автор: Марс Абаев