Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, тармактык профсоюздарынын Ош облустук, аймактык комитеттеринин мүчөлөрүнүн, кызматкерлеринин Кыргызстандын коомчулугуна, профсоюз мүчөлөрүнө кайрылуусу

30 832

Урматтуу Мекендештер!
Урматтуу профсоюз мүчөлөрү!

Өзүн “эркин журналистмин” деп эсептеген, жеке  ютуб каналы аркылуу Ош облустук профсоюздар уюмдарынын эмгек жамаатын  жаманатты  кылган, көз көрүнө  кемсинтип, шылдыңдаган журналист Ыдырыс  Исаковдун жосунсуз жоругү жөнүндө нараазычылыгыбызды билдирүүнү туура таптык.

Албетте элде “мышык  аптапка бекеринен чыкпайт…” деген  кептегидей, Ысаков  мындай  бир  жактуу, жалаң жамандык  издеген материалынын  артында  башка  бир  күчтөр, пулдуу  буйуртмачысы турганы  эч кимге  жашыруун   эмес. Анткени  бул журналист  сөз  эркиндигин  ашыкча  пайдаланып, өзүн -өзү эр  сезген, элдин атына жамынып  алып, элдин  маселесин чечкен кишидей түр  көрсөтүп, оозуна  эмне  келсе  ылбагай-ойлонбой  “ балп”  эттирген эргулдун бири.

Кыргызда улууну  урматтап, кичүүнү  сыйлоо  деген  нарк-насилге түкүрүп, көпчүлүк профсоюз мүчөлөрүнүн атынан шайланып келген  энесиндей, атасындай жашы улгайган  кызматкерлердин тышкы кебете өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп “бекерпоздор” “дормоеддер”, к….н араң   көтөрүп” деген ыпылас, адеп-ахлакка    туура  келбеген  жаман  сөздөр  менен  тартынбай шылдыңдоо журналист эмес жөнөкөй  жарандын ойуна да келбейт.

Журналист  миң  кыйын болсо  да,  профессионалдык  этиканы  сактоого, жүрүм-турумдун  эрежесин  кармоого милдеттүү  эмеспи. Же эркин журналисттерге  “Журналисттин этикасы жөнүндөгү  кодекс” таасир  этпейби? Профсоюз уюмдарынын  тагдырын   блогер  Исаков чечип калганбы?

Акыркы убакта өлкөбүздүн медиа чөйрөсүндө өздөрүн “блогерлер”, “эркин журналисттер”  деп атап алып, Ыдырыска окшоп, ашыкча  амбициялуу, каналына көңүл бурдурууну  жогорулатуу, катталгандардын санын көбөйтүп, акча  жасаш  үчүн  “шайтанды  да  алдагандар” толуп кетти.  Алар сапатсыз, чийки, бирөөлөрдүн буйрутмаларын аткарган, жарандардын ар-намысын кемсинткен, чындыкка жатпаган, бир тараптуу, адилетсиз, сенсация   үчүн   ачкөздөнүп жасаган  буйуртма материалдары менен коомубузга  терс залакасын тийгизип келүүдө.

Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, тармактык профсоюздарынын Ош облустук, аймактык комитеттеринин мүчөлөрүнүн, кызматкерлеринин  Кыргызстандын коомчулугуна, профсоюз мүчөлөрүнө кайрылуусу

Азыр Кыргызстандын профсоюз уюмдары эң оор, кыйын мезгилди баштарынан кечирүүдө. 2019-2020- жылдары Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясында түзүлүп калган “кош бийлик” кризисинен араң арылып, эл арасында төмөн түшүп кеткен барк- абройду калыбына келтирүү аракеттерин  жан аябай көрүп жаткан убак.

Профсоюздардын Ош облустук Кеңешине 2020- жылы көп жылдардан бери ушул мекемеде эмгекти коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген, коомдук башталыштагы төраганын орун басары  Толкунбек Аманович Тажиевди конференцияда алтернативдүү талапкерлер катышкан шайлоодо Кеңештин төрагасы шайлап алганыбыздан бери бир топ эле жакшы иштер аткарылып жатат.

Атап айтып кетсек, каражаттардын тартыштыгына карабастан, узак жылдардан бери каралбай калып кеткен жыйындар залы ремонттолду, жаңы эмеректер менен жабдылып заманбап абалга жеткирилди. Беш кабаттуу имараттын фасады оңдолуп түрдүү бойоктор менен бойолуп көркүнө чыгарылды.

Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын окуу- усулдук борборунун Оштогу бөлүмү ачылып, түштүктөгү профсоюздук активисттерге  усулдук, практикалык жардамдар көрсөтүлүп, керектүү материалдар менен камсыздала баштады.

Унутулуп бараткан “1- Май Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү” майрамын  калыбына келтирип, эки жылдан бери (2022-2023-ж.) Ош шаарынын борбордук аянтында тынчтык демонстрациясын өткөрүп   келеатабыз. Бул майрамды ар жылы уюштуруп эмгекчилердин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө коомубуздун, өкмөттүн көңүлүн бура бермекчибиз.

Кадрлар саясатында да өзгөртүүлөргө жетишип жаштарды профсоюздук кызматтарга тартуу аракеттери көрүлүүдө, Кеңештин эмгектин техникалык инспектору, Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин  облустук комитетинде төраганын орун басары кызматтарына 28,30  жаштагы адистер А. Ысманалиев менен Б. Боркошов кабыл алынып иштеп келе жатышат.

Өткөн 2022- жылдын 5-декабрь күнү Профсоюздардын Ош облустук Кеңеши менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ош облусунун ишкерлер ассоциациясынын ортосунда үч тараптуу кызматташтык боюнча Келишимге кол тамгалар койулуп, иш чаралары аткарыла баштады.

Кошуна Өзбекистан Респуликасынын Фергана облусунун профсоюздар уюмдарынын Кеңеши менен кызматташтык боюнча жолугушуу өткөрүлүп, келишимге кол койулду, ушундай эле келишим Россия Федерациясынын Свердлов областынын Профсоюздарынын Кеңеши менен түзүлдү.

2022 жылы эмгекчилердин 1749 арыздары, кайрылуулары каралып, оң жагына чечилди, эмгекти коргоо боюча ондогон ишкана мекемелер текшерилип коопсуздук техникасын, эрежелерин бузууларды жойуу боюнча жазма буйруктар тапшырылып,

9 өндүрүштөгү кырсыктар иликтенип, жабыр тарткандарга 12 млн. сомдон ашык залалдын ордун толтуруу суммасы эсептелип берилди.

Санаторий, курортторго, эс алуу үйлөрүнө дарыланууга, эс алууга 897 жолдомор берилип, жайкы эс алуу лагерлеринде 2 600 бала ден соолуктарын чыңдашты.

Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, тармактык профсоюздарынын Ош облустук, аймактык комитеттеринин мүчөлөрүнүн, кызматкерлеринин  Кыргызстандын коомчулугуна, профсоюз мүчөлөрүнө кайрылуусу

Республикабыз эгемендикке жетишкенден берки 30 жылдан ашык мезгил ичинде канчалаган эбегейсиз чоң завод, фабрикалар, ишканалар, социалдык обьектилер «прихиваттыштырылып», талкаланып жок болду.

Профсоюздардын мүлктөрүнүн анча мынчасы сатылса да, негизинен санатория, курортторду байлыкка тойбогон ач көз шылуундардын канчалаган аракеттерине карабастан келечек муундар үчүн сактап калдык. Пулдуулар дүйнөнүн каалаган жеринде эс алса, биздин санаторияларда катардагы эле жарандар даарыланышат.

КПФ жаңы жетекчилиги тарабынан профсоюздук санатория курорттордун имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүүгө, модернизациялоого инвесторлорду тартуу боюнча талыкпастан иштер жүргүзүлүүдө.

Кийинки мезгилде ушул сакталып калган профсоюздун мүлктөрүнө көз арткандар көбөйдү, алар аркандай айла амалдар менен менчиктештирип алууну көздөп, Ыдырыска окшогон “эркин журналисттерге” буйрутмаларды жаадырып жатышат.   

Ал эми анын, профсоюздардын жаратылышы, тарыхы, жарандык коомдогу орду жөнүндө түшүнүгү таптакыр жок туруп Президентибизге, Жогорку Кеңешке, профсоюз уюмдарын жойуп салалы деп кайрылышы коомубуздун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандардын укуктарына каршы чакырык, өтө эле аша чапкандык деп эсептейбиз.

КР Конституциясынын 8 беренесинде адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин, кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо максаттарында профсоюздук уюмдарга биригүү укуктары белгиленген.

КР Башкы прокуратурасына,  КР журналисттеринин ассосиациясына, “эркин журналист” Ыдырыс Исаковдун Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, тармактык профсоюздардын Ош облустук, аймактык комитеттеринин кызматкелеринин адамдык жана жарандык ар намыстарына шек келтирген материалдарын экспертизадан өткөрүп, “КР журналисттеринин этикалык кодексин” сактабагандыгы  үчүн юридикалык баа берүүнү суранабыз.

Урматтоо менен,

Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, тармактык профсоюздарынын Ош облустук, аймактык комитеттеринин мүчөлөрү, кызматкерлери жана 2023- жылдын 14-июндагы “Көмүскө экономикада эмгектенишкен жарандардын социалдык-эмгектик укуктарын коргоо маселелери” боюнча окуу-семинардын катышуучулары.